АКШнын түнкү кол салуусунан кийин Иран Израилге 20дай ракета менен чабуул койду.
Чет элдик басылмалар маалымдагандай, Израилдин дээрлик бардык аймактарында аба чабуулунун сиреналары жаңырды. Бул АКШ Иран Ислам Республикасынын өзөктүк объектилерине түн ичинде жасаган соккусунан кийин биринчи жолу болду. Тель-Авивде бир нече жардыруулар угулган.
10дон ашык жерге ракета кулап, жеринде куткаруу иштери жүрүп жаткандыгы кошумчаланды.