Иранга болгон сокку... Йемен Кызыл деңиздеги америкалык аскерлерге чабуул коюуга даярданууда

Йемендик “Ансар Аллах” кыймылынын хуситтери АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган соккусуна жооп иретинде Кызыл деңиздеги америкалык күчтөргө кол салууга даяр экенин саясий бюросунун мүчөсү Мохаммед аль-Бухайти билдирди. Бул тууралуу iz.ru басылмасы жазып чыкты.

"Биздин аскерий жообубуз жакындап келе жатат. Биринчи этап Кызыл деңиздеги америкалык күчтөргө чабуул коюу болот. Биз АКШнын Иранга каршы бул агрессиясы токтогонго чейин кагылышууну күчөтөбүз жана масштабын кеңейтебиз", - деди кыймылдын өкүлү.

Ал ошондой эле АКШ менен Йемен козголоңчуларынын ортосундагы ок атышпоо келишиминин мөөнөтү аяктаганын белгиледи. Май айынын башында АКШ администрациясы менен хуситтер Омандын ортомчулугу менен ок атышууну токтотууга макул болушкан. АКШ Йемендин аймагына сокку урууну токтоткондон кийин козголоңчулар америкалык согуштук кемелерге кол салбоого убада беришкен эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан