АКШнын вице-президенти Вэнс: "Биз Иран менен согушуп жаткан жокпуз"

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Вашингтондун Иранга жасаган соккусун америкалык аскерлер үчүн эч кандай коркунучсуз жетишилген стратегиялык жеңиш деп атады. Бул тууралуу ал кечээ, 22-июнда NBC телеканалына берген маегинде билдирди.

Ал Вашингтон Тегеран менен эмес, анын өзөктүк программасы менен согушуп жатканын белгиледи.

"Биз Иран менен согушуп жаткан жокпуз. Биз Ирандын өзөктүк программасы менен согушуп жатабыз",- деди Вэнс.

Анын айтымында, АКШнын соккулары Ирандын өзөктүк программасын талкалады.

"Менин оюмча, биз аны олуттуу түрдө артка кайтардык",- деп кошумчалады вице-президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан