Нетаньяху Трампка АКШнын Иранга жасаган соккусу үчүн ыраазычылык билдирди

Израил АКШнын Ирандагы өзөктүк объекттерге сокку уруу чечимине ыраазы. Бул тууралуу Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди.

"Куттуктайм, президент Трамп. Америка Кошмо Штаттарынын укмуштуудай жана адилеттүү күчү менен Ирандын өзөктүк объекттерине сокку уруу боюнча сиздин тайманбас чечимиңиз тарыхты өзгөртөт",- деди Нетаньяху видео кайрылуусунда.

Анын айтымында, Израил Иранга каршы бир жумалык операция учурунда укмуштуудай иштерди жасай алды, бирок АКШнын Тегеранга каршы соккулары теңдешсиз болгон.

"Президент Трамп дүйнөдөгү эң коркунучтуу режимдин дүйнөдөгү эң коркунучтуу куралга ээ болбошу үчүн чара көргөнүн тарых жазат. Анын бүгүнкү жетекчилиги тарыхта Жакынкы Чыгышка жана анын чегинен тышкаркы аймактарга гүлдөп-өнүгүүнү жана тынчтыкты алып келүүгө жардам бере турган бурулуш учурду жаратты",- деп кошумчалаган ал.

Эске саклсак, 21-июнда АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине – Фордоу, Натанз жана Исфаханга сокку урганы белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан