Дамаскта чиркөөдөгү жардыруудан 20 адам каза болгону айтылды

Дамасктагы православдык чиркөөдө болгон жарылуудан 20 адам каза болгонун Сириянын мамлекеттик телеканалы өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен билдирди.

Телеканал жаракат алгандардын саны 52 экенин белгиледи. Чиркөөдөгү жардыруу кечээ, 22-июнда болгон. Сириянын ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жанкечти имаратка кирип ок атып, андан соң жардыргыч менен өзүн жардырып жиберген. Сирия телеканалы окуяга күбө болгондорго таянып, чиркөөгө эки киши кол салганын жазды.

Укук коргоо органдары кол салган адамды "Ислам мамлекети" террордук уюму менен байланышы бар деп эсептейт. Теракт жашоочулардын көбү христиан динин тутунган Дувейла кварталында жасалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан