Оор жүк ташуучу Red Zed 1 кемеси Египеттеги Суэц каналы аркылуу бара жатканда башкарууну жоготуп, сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Окуя 20-июнда болгон. Кеме Египеттен чыгып, Судандагы портту көздөй бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес. Кеменин өзүнө да олуттуу зыян келтирилген эмес.