Ирандагы Ормуз кысыгында АКШнын кеме жүрүү эркиндигине коркунуч жаралса, АКШ аскердик жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жекшембиде CBS телеканалына берген маегинде билдирди.
"Мен президенттин (Трамптын) кандайдыр бир иш-аракетин жокко чыгарбайм. Бирок Иран кысыкты жабууну чечсе, ачууланган биринчи адамдар кытайлар - алар Ормуз кысыгы аркылуу мунай алып өтүшөт, ошондуктан көз каранды",- деди Рубио.
Эгер Иран Ормуз кысыгын жабууну чечсе, АКШ күч колдонууга даярбы деген суроого жооп берди.
Америкалык дипломатиянын башчысы Fox News телеканалына берген интервьюсунда Ирандын Ормуз кысыгын жабуу боюнча чечим кабыл алса бул жаңжалдын чоң башталышы болорун, андан кийин “АКШ гана эмес, башка өлкөлөрдөн да” жооп болорун белгиледи.
"Эгер андай болсо чоң коркунучтуу жаңылыштык болот. Экономиканын түгөнүшү. Бул биздин эле эмес, башка өлкөлөрдөн да жооп талап кыла турган абал болот. Биз Иранга каалаган убакта кирип чыга алабыз. Кечээ түнү учактар дүйнөнүн башка тарабынан учуп келип, сокку урушту жана ирандыктар эмне болгонун билбей эле калышты",- деди Рубио
Дүйнөдөгү мунай менен газдын бештен бир бөлүгү Ормуз кысыгы аркылуу өтөт. Жекшембиде АКШнын Ирандын өзөктүк объекттерине жасаган соккусунан кийин Иран парламенти кысыкты жабууну жактырды. Эми бул кадамды Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеши бекитиши керек.
Деңиз күчтөрүнүн командири Алиреза Тангсири Ирандын эгемендигине каршы агрессия токтобосо, Ормуз кысыгын бир нече сааттын ичинде толугу менен жабууга даяр экенин билдирди.