Крымда парктын директоруна анда багылган арстандар кол салды (видео)

Крымдын "Тайган" паркында багылган арстандар аталган жайдын директору Олег Зубковго кол салды. Бул тууралуу Mash телеграм-каналы билдирди.

Маалымдалгандай, окуя кечээ, 22-июнда орун алып, жабыркаган кызматкер ооруканага жеткирилди. Белогорск ооруканасынын хирургу Андрей Дорошенконун айтымында, операция үч саатка созулду. Учурда бейтаптын абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алдын ала анын абалы турукташып кетет деп айтуу кыйын экендигин кошумчалады хирург.

Белгиленгендей, арстандар 2024-жылдын октябрында аталган партын дагы бир кызматкерине кол салып, ал каза болгон. Бул алар менен байланыштуу төртүнчү каргашалуу окуя экендиги айтылды.

23.06.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан