Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда "Манчестер Сити" жеңишке жетти

Англиянын "Манчестер Сити" командасы Бириккен Араб Эмираттарынын "Аль-Айн" клубун 6:0 эсебинде утту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты

Маалым болгондой, оюн АКШда өтүп жаткан клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун топтук этабынын экинчи турунун алкагында болгон.

Биринчи таймда эле англиялыктар 3:0 эсебинде алдыга чыгышкан. Гюндоган 8-мүнөттө, Эчеверри 27-мүнөттө, ал эми Холанд кошумча убакыттын 5-мүнөтүндө пенальтиден гол киргизди.

Экинчи таймда ылдамдыкты түшүрбөй, дагы үч гол киргизишти. Гюндоган 73-мүнөттө дубль жасады, ал эми Оскар Бобб менен Райан Шерки 84 жана 89-мүнөттөрдө эсепти 6:0 кылып жыйынтыкташты.

Бул жеңиш "Манчестер Сити" үчүн клубдар арасындагы дүйнө чемпиондугундагы экинчи жеңиш болду. Алгачкы беттеште Гвардиоланын командасы Марокконун "Видад" клубун жеңген.

Топтогу лидерлик үчүн чечүүчү беттеште "Манчестер Сити" 26-27-июнга караган түнү Италиянын "Ювентус" командасы менен ойнойт.

Клубдар арасындагы дүйнө чемпиондугу АКШда 15-июндан 14-июлга чейин болот. Бул турнир тарыхта биринчи жолу 32 команда катышкан форматта өтүп жатат. Алар 8 топко бөлүнүп, плей-офф баскычына чыгуу үчүн күрөшүүдө. Турнирдин жалпы байге фонду – 1 миллиард доллар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан