Орусияда дарыгерлер 17 жаштагы кыздын кулагынан таракан алып чыгышты. Бул тууралуу 23-июнда орусиялык басылмалар жазышты.
Кыз кулагы бүтөлүп калганын сезип, дарыгерге кайрылган. Текшерүү учурунда кулакка таракан кирип кеткени аныкталган.
Адистер кулакты туздуу эритме менен жууп, андан соң тараканды сууруп чыгышкан. Дарыгерлердин айтымында, таракан кулакка жана кулак каналына зыян келтирген эмес. Алгандан кийин кызда эч кандай кыйынчылыктар болгон жок.