Паркта чуркап жүргөн кыздын көзүнө ок тийди

Орусиянын Пермь шаарында сейил бакта чуркап жүргөн 30 жаштагы Светлана Кочергина аттуу кызды көзүнө тапанча менен атып кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Кыз ооруканага жаткырылып, керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү, абалы канааттандырарлык. Бүгүн бейтап ооруканадан чыгарылды",- деп билдирди аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Кочергина окуя боюнча айтты.

"Күтүлбөгөн жерден аябай катуу оорутууну сездим. Таш кирип кетти окшойт деп ойлогом, көзүмдөн кан ага баштады. Тизем менен жыгылганда өспүрүмдөр дароо чуркап келип, "Тез жардам" чакырышты. Ооруканада дарыгерлер көзүмдөгү окту алып чыгышты. Көрүүм акырындап калыбына келе баштады. Окуя болгон күнү ооруканага милиция кызматкерлери келип, көрсөтмө алып кетишти. Окуя болгон жерде сырттагы байкоочу камералар жок болсо керек эле. Мен эми көпкө дарыланып, реабилитациядан өтүшүм керек. Жолдошум да нес абалда",- деген Светлана.

Милиция бул окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп, окуянын бардык жагдайларын аныктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан