Ош шаарында үйлөрү сүрдүрүлгөн жашоочулар үчүн "Эки дос" аталышындагы шаарча курулат. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев "Кунлунь” курулуш компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ван Чиан баштаган делегацияны кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
"Келишимге ылайык, Кызыл-Кыштакка караштуу жер аянтына 520 үй курулат. Бул үйлөр шаардагы турак үйлөрү башкы планга ылайык жолду кеңейтүүдө, каналдардын жээгин ачууда башка жакка көчүрүлө турган жарандарга берилет. Долбоорду ишке ашырууда мэрия бардык тараптан колдоо көрсөтөт. Суук түшкөнгө чейин үйлөрдү тездетип бүтүрүп, элди көчүрүп кирүүгө жетишүү керек",- деп белгиленет маалыматта.
Үйлөрдү курууга 1-июль күнү расмий капсула салынып, старт берилет.