“Илбирстин секиригиндей жанданды". Нарын облусу каралбай жатат дегендерге Туманбаев жооп берди

Нарын облусу такыр каралбай калды дегендерге президенттин иш башкармалыгын башчысы Каныбек Туманбаев жооп берип, социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
Анын айтымында, Нарын облусу боюнча жалпы 9 миллиард 455 миллион сомдук инфратүзүмдүк обьекттер ишке ашырылууда.
Алар:
  • Облус боюнча 2025-жылга 197,53 чакырым жолго асфальт төшөөгө 1 миллиард 466,9 миллион сом каралып, иштер жүрүп жатат;
  • 1 миллиард 380,6 миллион сомдук 98 объект планга киргизилип, жумуштар аткарылууда;
  • Нарын шаарында 146,4 миллион сом - 6 объекттин курулушуна, 4 объекттин оңдоп-түзөөсүнө каралган;
  • Ак-Талаа району жалпы 82,6 миллион сом - 7 объекттин курулушуна, 2 мектептин оңдоп-түзөөсүнө, 2 объекттин долбоорлоо иштерине каралган;
  • Ат-Башы району 54,9 миллион сом - 4 объекттин курулушуна , 6 объекттин оңдоп-түзөөсүнө, 2 бала бакчанын долбоорлоо иштерине каралган;
  • Жумгал району жалпы 183,4 миллион сом - 5 объекттин курулушуна, 5 объекттин оңдоп-түзөөсүнө, 10 объекттин долбоорлоо иштерине каралган;
  • Кочкор району жалпы 279,7 миллион сом - 5 объекттин курулушуна, 7 мектептин оңдоп-түзөөсүнө, 8 объекттин долбоорлоо иштерин каралган;
  • Нарын району боюнча жалпы 174,3 миллион сом - 8 объекттин курулушуна, 5 объекттин оңдоп-түзөөсүнө, 6 объекттин долбоорлоо иштерине каралган;
  • Ирригациялык системдерди курууга, Шамшы суу сактагычына - 831,6 миллион сом, Түгөл- Сай суу сактагычына -1430,3 миллион сом каралган;
  • Нарын шаарын өнүктүрүүгө 807 миллион сом каралууда;
  • Мындан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан таза суу системин курууга 2 миллиард 895,2 миллион сомдун каржылоосуна 43 айыл киргизилип, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосунда 494 миллион сомдук “Нарын шаарындагы ичүүчу суу жана саркынды суу системин реабилитациялоо” долбоору ишке ашырылууда.
Туманбаев президенттин жеке демилгеси менен Нарын облусуна кошумча 1 миллиард сом бөлүнгөнүн белгиледи.
"Президенттин тапшырмасы менен мен жакында эле ал жакта болуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен облус боюнча карап, эсептеп чыгып, биринчи кезекте курулушу керек болгон эң зарыл социалдык объекттердин тизмеси такталды. Бул багытта иштер башталып жатат. Акыркы жылдары бюджетибиз бир нече өсүп, бардык тармактарда жылыштар “илбирстин секиригиндей” жанданды. Сабыр кылып турсаңыздар, жакын арада өнүгүүнүн түшүмү Кыргызстандын булуң бурчуна чейин жетип, анын ичинде Нарын облусунда сыймыктана турган объекттлер курулат",- деп кошумчалады ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан