Бүгүн, 23-июнда АКШнын Сириядагы аскердик базасына чабуул жасалды. Бул тууралуу Ирандын Mehr агенттиги жазды.
Азырынча базаны ким аткылаганы тууралуу маалымат жок. Бул боюнча АКШ тараптан да расмий билдирүү бериле элек.
Басылмалардын маалыматына караганда, АКШнын Касрук аймагындагы Батыш Хасеке провинциясында жайгашкан аскердик базасына чабуул жасалган.
Сирияда АКШнын кеминде сегиз аскердик базасы бар. Быйыл июнда Вашингтон алардын ичинен бирөөсүн гана сактап калууну көздөп жатканын маалымдаган. Азырынча АКШ тараптан расмий билдирүү бериле элек.
Эске салсак, 22-июнга караган түнү АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине – Фордоу, Натанз жана Исфаханга сокку урган.