ЖРТнын жыйынтыгы боюнча 54 бүтүрүүчү Алтын сертификаттын ээси болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, быйылкы тестирлөөгө өлкө боюнча жалпы 56 159 бүтүрүүчү катышты. Анын ичинен кыргыз тилинде тапшыргандар – 37 731, орус тилинде тапшыргандар – 24 428.
Аймактар боюнча алганда, жыйынтык төмөнкүдөй болду:
Бишкек шаары – 38 Алтын сертификат;
Жалал-Абад облусу – 4 Алтын сертификат;
Чүй облусу – 4 Алтын сертификат;
Ысык-Көл облусу – 2 Алтын сертификат;
Нарын облусу – 2 Алтын сертификат;
Ош облусу – 2 Алтын сертификат;
Талас облусу – 1 Алтын сертификат;
Орусиядагы мектептерден – 1 Алтын сертификат.
Алтын сертификат ээлеринин арасынан 53 бүтүрүүчү орус тилинде, 1 бүтүрүүчү кыргыз тилинде ЖРТ тапшырган. Алардын ичинен үчөө – былтыркы жылдын бүтүрүүчүлөрү.
Мындан тышкары облустук деңгээлде 19 бүтүрүүчү эң жогорку упай алды:
Баткен облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 2;
Ош облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 2;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 4;
Чүй облусу – 2.