Талас облусунун Айтматов районунда мектептерди жана музейди курууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, Айтматов районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Аманбаев айыл өкмөтүндө жайгашкан Р.Шүкүрбеков жана Э.Эсенаманов атындагы орто мектептеринде курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле Шекер айыл өкмөтүндө жайгашкан Ч.Айтматов атындагы үй-музейдин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталган. Анда мамлекетке 1 миллион 700 миң сомдон ашык зыян келтиргендиги белгилүү болгон.
Аталган фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, материалдар Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнө тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.