Өлкөдөн көмүрдү ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Министрлер Кабинети көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу) автомобиль транспорту менен (“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо) Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүү тапшырмасы коюлду.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан