Греция менен Кипрде Иранга тыңчылык кылууга шектелгендер кармалышты

Грециянын бийлиги НАТОнун аскер-деңиз базасы жайгашкан Крит аралында тыңчылыкка шектелген Азербайжан жаранын кармады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

21-июнда Кипрде дагы бир Улуу Британиянын жараны камакка алынганы белгилүү болду. Алар Иран пайдасына тыңчылык кылууга жана теракт уюштурууну көздөгөн деп шектелип жатышат.

Reuters агенттигине грек полициясынан билдиришкендей, жекшемби күнү Крит аралында 26 жаштагы азербайжан жараны камакка алынган. Ал 18-июндан бери аралдын батышындагы Суда булуңунда жайгашкан НАТО базасынын жанындагы мейманканада жашап жаткан. Анын ноутбугунан 5 миңден ашык сүрөт жана шифрлөөгө арналган программалык камсыздоо табылган.

Ишемби күнү Кипрде дагы бир адам тыңчылыкка шектелип кармалган. Ал британиялык аскер-аба базасы — Акротири базасынын жанынан шек жараткан жүрүм-туруму үчүн кармалган. Philenews агенттиги бул адам Ирандын тыңчылары менен байланышта болгонун жана Кипрге турист катары, Польша паспортун колдонуп келгенин жазды.

ANT1 маалымат порталы билдиргендей, шектүү апрель айынан бери Улуу Британиянын Акротири аскер базасына жана Кипрдеги Пафос аймагында жайгашкан «Андреас Папандреу» аскер-аба базасына байкоо жүргүзүп келген.

Акротири базасы Британиянын Жакынкы Чыгыштагы эң маанилүү базасы болуп эсептелет. Ал жакта чалгындоо, транспорттук жана май куюучу учактар жайгашкан. Буга чейин ал база Израилди Ирандын ракеталык соккуларынан коргоо үчүн колдонулган. Жакында Британия бул базага кошумча учактар жөнөткөнүн жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан