НАТО АКШнын Иранга жасаган чабуулу эл аралык укукту бузбаганын билдирди

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте АКШнын Иранга жасаган соккулары эл аралык укукту бузууга кирбей турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ал Гаагада өтө турган НАТОнун саммитинин алдында АКШнын акыркы аракеттери эл аралык укук нормаларын бузбаганын айтты.
Рютте: "НАТОнун өнөктөштөрү Иран атомдук бомбага ээ болбошу керек деп ойлошот", - деп белгиледи.

Рютте Тегерандын Ормуз кысыгын жабуу боюнча билдирүүсүнө пикирин билдирген жок.

Эске салсак, 22-июндун түнүндө АКШ Ирандын Натанз, Фордо жана Исфахандагы үч ядролук объектиге сокку урду. Вашингтондун айтымында, бул операция Ирандын ядролук программасын жок кылууга же олуттуу түрдө алсыратууга багытталган.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи дипломатия ар дайым ачык болушу керек экенин, бирок азыркы учур дипломатия үчүн ылайыктуу эмес экенин айтты. Иран өлкөнүн коопсуздугун жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык чараларды көрөрүн билдирди. Ирандын атом энергиясы боюнча уюму өлкөнүн ядролук өнөр жайын өнүктүрүүнү токтотпой турганын жарыялады.

Мындан тышкары Иран парламенти Ормуз кысыгын жабуу зарылдыгын белгиледи, бирок акыркы чечим өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин колдоосуна жараша болот.

АКШнын соккулары эл аралык коомчулукта катуу сынга кабылды. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттерриш бул аракеттерди эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка түз коркунуч деп атады. Орусия АКШнын Ирандагы ядролук объектилерге жасаган соккуларын кескин сынга алып, бул аракеттер эл аралык укукту, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставын жана Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын одоно бузуп жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан