Иран Катардагы АКШнын аскердик базасына сокку урду. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалы IRIB маалымдады.
«АКШ тарабынан Ирандын ядролук объектилерине жасалган одоно аскердик агрессиясына жана эл аралык укуктун одоно бузулушуна жооп катары Катардагы АКШнын "Аль-Удейд" аскердик аба базасына кыйратуучу жана кубаттуу ракеталык сокку урулду. Бул база АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн штабы жана АКШ армиясынын Батыш Азиядагы эң ири стратегиялык базасы болуп эсептелет», — деп билдирди Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу.
Axios басылмасынын маалыматына караганда, Иран Катардагы АКШнын аскердик базаларына карай алты ракета учурган.
Учурда Бахрейндин борбор калаасы Манамеде да аба коопсуздугу боюнча сигналдар угулууда. Себеби бул өлкөдө дагы америкалык аскердик база жайгашкан. Жергиликтүү бийлик тургундарды зарыл болбосо көчөгө чыкпоого жана негизги автоунаа жолдорун колдонбоого чакырууда.
Буга чейин америкалык чалгын кызматы Иран тараптан АКШнын "Эль-Удейд" аскердик базасына сокку жасалышы мүмкүн экенин алдын ала эскерткен. Абалга байланыштуу базада жайгашкан аэродром убактылуу жабылган.
Ошондой эле Бириккен Араб Эмираттары да аба мейкиндигин убактылуу жаап жатканы айтылууда.