23-июнда Ирак, Бириккен Араб Эмираттары жана Кувейт Ирандын Катардагы америкалык аскер базасына жасаган ракеталык чабуулунан улам өз аба мейкиндиктериндеги аба каттамдарын токтотконун чет элдик маалымат каражаттары кабарлашты.
"Бириккен Араб Эмираттарынын аба мейкиндиги FlightRadar кызматынын маалыматы боюнча жабык",- деп билдирет NBC телеканалы.
Телеканал Ирак бийлиги да ушундай эле чараларды көргөнүн белгилейт.
Kuwait Times басылмасы Кувейттин жарандык авиациясынын башкы башкармалыгы да өлкө кошуна мамлекеттердин аба мейкиндигин жабуусунан кийин сактык чарасы катары аба мейкиндигин жаап жатканын кабарлады.
Айта кетсек, дүйшөмбүдө Иран АКШнын соккусуна жооп иретинде АКШнын Катар жана Ирактагы аскер базаларына сокку урган.