Уруксат кагаздары жок ок атуучу курал алып жүргөн шаар тургуну кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 10-январында Турусбеков көчөсү менен Чүй проспектинин кесилишинен Олег аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Аны тинтүү учурунда жанынан МР 654 К үлгүсүндөгү 4,5 калибрлүү пневматикалык тапанча табылган. Шаар тургунунда тапанчаны алып жүрүүгө керектүү документтери жок болгон. Учурда тергөө амалдары башталды.