Түркиянын Адана облусунда 4,5 баллдык жер титирөө болду

Түркиянын Адана облусунда 4,5 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар жана жаратылыш кырсыктарын башкаруу башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөө жергиликтүү саат менен 07:09да катталып, очогу Адананын Сеймбейли районунда жайгашты. Силкинүүнүн очогу 6,96 чакырым тереңдикте болгон.

"Сеймбейли районунда 4,5 баллдык жер титирөө катталды. Тиешелүү мекемелердин бардык кызматкерлери кырдаалды текшерүү үчүн жеринде иш алып барып жатышат. Азыркы тапта эч кандай терс абал катталган жок. Жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга чын дилимден жакшы болуп кетүүлөрүн тилейм. Кудай өлкөбүздү жана элибизди ар кандай жаратылыш кырсыктарынан сактасын",- деп билдирүү калтырды Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая.

Жер титирөө коңшу облустарда да сезилди. Азырынча жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалымат бериле элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан