"Үй-бүлөсү жок жашабагыла". Ташиев УКМКнын аймактардагы жетекчилерине талап койду (видео)

Кечээ, 23-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Лейлекте атайын кызматтын кызматкерлерине кызматтык үйлөрдү тапшырып жатып, башка аймактан келген жетекчилерге үй-бүлөлөрүн жанында алып жүрүүнү тапшырды.

"Райондук, облустук жетекчилер ар бириңер үй-бүлөңөрдү көчүрүп келгиле. Үй-бүлөсү жок жашабагыла. "Менин балам Бишкекте лицейде окуйт" деп айтасыңар. Бул жакта деле жакшы мектептер бар. Мына, биз айылдан эле билим алып чоңойгонбуз...

Билим алам, тарбия алам деген бала сөзсүз ата-энесинин жанында болушу керек. Уктуңарбы? Көпчүлүгүңөр балдарыңарды таштап коюп 2-3 жыл талаалап жүрөсүңөр. Анан дем алыш күндөрү "барып келе калайын, көрүп келе калайын" деп үйүңөргө качасыңар",- деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан