Перс булуңундагы 6 араб өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери бүгүн, 24-июнда Катардын борбору Дохада чукул жыйынга чогулат. Алар Ирандын Катардагы АКШнын аскер базасына кол салышын талкуулай тургандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.
Перс булуңунун Кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Жасем ал-Будайвин жолугушуу боюнча социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.
"Бүгүн Доха шаарында Кувейттин тышкы иштер министри, министрлер кеңешинин учурдагы төрагасы Абдулла Али аль-Яхиянын төрагалыгы астында министрлер кеңешинин 49-кезексиз жыйыны өткөрүлөт",- деди ал.
Жыйынга Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Катар, Бахрейн, Кувейт өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери барары айтылды.