Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Катар өкмөт башчысы жана тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман аль-Ансари менен телефон аркылуу сүйлөшүп, АКШ менен Израилдин Иранга жасаган чабуулдарынан кийин аймакта түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Ирандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Аракчи Иран менен Катарды "достук жана бекем" мамилелер байланыштырып турганын белгилеп, Тегеран бул мамилелерди жакшы коңшулаштык жана эки тараптуу кызыкчылык негизинде өнүктүрүүгө бекем ниетте экенин айтты.
Ал Ирандын Катардагы Аль-Удейд АКШ аскерий базасына жасаган чабуулу 22-июнда АКШ Ирандын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө каршы жасаган аскердик аракетке жооп иретинде, мыйзамдуу коргонуу укугу катары жасалганын түшүндүрдү. Ошондой эле бул кадам "Катарга каршы багытталган аракет катары каралбашы керектигин" өзгөчө белгиледи.
Аракчи Иран менен коңшу өлкөлөр ортосундагы достук алакалар мындай зомбулук жана чагымчыл аракеттерден таасирленишине жол берилбей турганын айтып, АКШ жана Израилдин Иранга карата чабуулдары боюнча аймактагы өлкөлөр менен кеңешүүлөрдү улантарын билдирди.
Ошондой эле ал Катар бийлигинин АКШ менен Израилдин агрессиясын айыптаган позициясын жогору баалап, Доханын аймакта чыңалууну басаңдатуудагы конструктивдүү аракеттерин мактады.
Катар өкмөт башчысы жана тышкы иштер министри да өз сөзүндө өлкөсү аймактык коопсуздук жана туруктуулукту сактоодо конструктивдүү ролун улантууга даяр экенин билдирди.