Садыр Жапаров расмий сапары менен Малайзияга барды (фото, видео)

Бүгүн, 24-июнда, өлкө башчысы Садыр Жапаров расмий сапары менен Куала-Лумпур шаарына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Куала-Лумпур шаарынын эл аралык аэропортунан мамлекет башчыны Малайзиянын эмгек министри Александр Нанта Лингги жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Флагштокторго Кыргызстандын жана Малайзиянын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилди.

Эске сала кетсек, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы өнүктүрүү келечеги талкууланат.

Садыр Жапаров Малайзияга расмий сапар менен барды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан