Бүгүн, 24-июнда Кытайдын Гуйчжоу провинциясында Сяжун тез жүрүүчү трассасындагы көпүрөнүн бир бөлүгү урап түштү. Бул тууралуу бир катар кытайлык маалымат каражаттары кабарлашты.
Окуя таңкы саат 7:40 чамасында Санду уездинде катуу жааган жаандан кийин болгон.
Көпүрө ураган учурда анын үстүндө жүк ташуучу унаа турган. Айдоочу тормоз басып токтогонго жетишкен, бирок фуранын алды жак бөлүгү чыгып, асылып калган.
Куткаруучулар тепкич аркылуу көпүрөгө чыгып, аркан менен айдоочуну фуранын арткы жагынан чыгарып куткарышкан. Айдоочу жаракат алган эмес.
Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 5:51де жол кызматкерлери конструкциядагы деформацияны байкап, кыймылды чектей башташкан. Саат 7:11де трассанын бул бөлүгү толугу менен жабылган. Натыйжада жабыркагандар жок экени айтылды.
Кытай бийлигинин маалыматына ылайык, көпүрөнүн астында бир нече курулуш техникасы болгон, бирок алардын ичинде адамдар болгон эмес. Бул маалыматты дрон аркылуу тартылган кадрлар тастыктаган.