Израилдин соккусунан өлдү делген Ирандын сакчылар корпусунун Кудс күчтөрүнүн командачысы, генерал Исмаил Каани Тегеранда эл алдына чыкты.
Чет элдик басылмалар ал кечээ, 24-июнда Тегеранда Израилдин үстүнөн болгон жеңишти майрамдоо үчүн уюштурулган иш-чарага катышканын жазышты.
Буга чейин New York Times өз булактарына таянып, Каани Израилдин Иранга жасаган соккусунан каза болушу мүмкүн экенин жазган.
Эске салсак, Израил 13-июнга караган түнү Тегеран жашыруун аскердик өзөктүк программасын ишке ашырып жатат деп айыптап, Иранга каршы операция баштаган. Иранда жооп иретинде Израилге бир катар ракеталык соккуларды урду.
Эки өлкө кечээ, 24 июнда ок атышпоо келишимине келишкени маалым болду.