Ысык-Көлдөгү Боом капчыгайында оор жүк ташуучу унаа кырсыкка учурап, оодарылып кетти.
Социалдык желелерге тараган видеодон унаа алып бара жаткан жүк жерге чачылып, жарандар топтолуп турганы байкалат. Окуя болгон жерден "Тез жардам", Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин унааларын жана кызматкерлерин көрүүгө болот.
Кырсыктын себептери боюнча азырынча райсмий маалымат бериле элек.