Ош шаарында "Ыйман" мектепке чейинки балдарга билим берүү уюму ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышты.
"Балдар бакчасы Ош шаарынын Манас-Ата кичи шаарчасынын Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан. 140 орунга ылайыкташкан мекеме Ош мамлекеттик университетинин эсебинен оңдоп-түзөөдөн өткөн",- деп айтылат маалыматта.