Ош шаарынын Курманжан Датка муниципиалдык аймактык башкармалыгында Озгур жана Төлөйкөн айылдарын бириктирген жөө адамдар үчүн көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, көпүрөнүн узундугу 28 метрди, туурасы 1,7 метрди түзөт. Жаңы көпүрө жарактан чыккан эски көпүрөнүн ордуна курулду. Ага жергиликтүү бюджеттен 8,5 миллион сом каражат бөлүнүп, курулуш иштери быйыл апрель айында башталган.