Алтайда 10 жаштагы бала токко урунуп каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя 21-июнда болду. 10 жашар бала үйүнүн алдында балдар менен ойноп жүргөн. Бир убакта бала чуркап бараткан досторунан артта калып калган, аны издеп келишкенде колунда зым менен жерде жатканын көрүшкөн. Баланы токко урган зымга буга чейин айылда бир нече жолу нааразычылыктар болуп, жергиликтүү тургундар айыл өкмөткө кайрылып, бийликтен маселени чечүүнү суранышкан деп айтылат.
Тергөө иштери уланууда.