Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев дагы бир үч эмдин ата-энесине батир белек кылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
"Балдардын атасы Мырзабек Тороев Ош шаарындагы Ак-Буура милиция бөлүмчөсүндө эмгектенет. Мэрдин буга чейин дагы үч эмге батир бергендигин угуп, кайрылышкан. Анын негизинде тилеги орундалып бүгүн 3 бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. Учурда бир кыз, үч уулу бар. Аларга Амантай, Эсентай, Эртай аттуу ысым ыйгарышкан. Учурда балдар 1 жаш 2 айлык",- деп айтылат маалыматта.
Мэр балдардын атасына батирдин сертификатын тапшырып, апасына гүл белек кылды.
Буга чейин Ак-Тилекте жашаган үч эмдин үй-бүлөсүнө жолдон жолугуп
кубанткан.