Иранды бомбалагыла... Трамп учактардын ыр менен коштолгон видеосун жарыялады (видео)

АКШнын президенти Дональд Трамп Truth социалдык тармагындагы баракчасына B-2 бомбалоочу учактарынын Bomb Iran ыры коштогон видеосун жарыялады.

"Мечитке келдим, таш ыргытам, аятоллага айт: "Мен сени табытка салам. Иранды бомбалагыла",- деп айтылат ырдын текстинде.

Bomb Iran ыры 1980-жылы Vince Vance & the Valiants тобу тарабынан жазылган. Бул The Regents тобунун 1961-жылкы Barbara Ann ырына пародия болуп саналат.

Дал ушул АКШнын B-2 бомбалоочу учактары 14 GBU-57 бомбасын 22-июнга караган түнү Ирандын Натанз, Фордо жана Исфахандагы үч өзөктүк объектисине сокку урууда таштаган.

25.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан