Бүгүн, 25-июнда Бишкектеги Орто-Сай айылынын Иманалиев көчөсүндө жайгашкан сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 12:50дө 2 күжүрмөн топ тартылып, тилсиз жоо саат 13:28де чектөөгө алынды. Өрттөн болжол менен 150 чарчы метр сарай, 200 боолонгон чөп күйүүдө. Ошондой эле турак үйдү жалын каптады.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө.