Коомдук жайда мушташкан эки жаран аныкталып, чара көрүлдү. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Райондук милиция 21 жана 25 жаштагы жигиттерге Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүп, алар райондук сотко жеткирилишкенин белгиледи.
Айта кетсек, кечээ, 24-июнда социалдык тармактарда темир жол бекетинин жанында эки жигиттин чатакташканы тартылган видео тараган болчу.