30-июндан тартып Орусияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирип-чыгуусунун жаңы эрежелерин сыноо боюнча эксперименттин экинчи этабы башталат. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, визасыз тартипте Орусияга кирген чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары, чек арадан өтүүнү пландаган убактан кечиктирбестен 72 саат мурда "RuID" мобилдик тиркемеси аркылуу катталуусу зарыл.
Өтүнмө берүү үчүн чет өлкөлүк жарандар мобилдик телефонуна "RuID" тиркемесин жүктөп, чыгып жаткан өлкөсүн, сапардын максатын жана даталарын, барчу региондорду көрсөтүшү, ошондой эле биометрикалык маалыматтарын тапшыруусу керек (беттин сүрөтү, паспорттун сүрөтү жана үн жазуу). Эгерде чет өлкөлүк жарандар балдары менен Орусияга келе жатышса, анда эки ата-эне тең тиркеме аркылуу балдарынын маалыматтарын толтурушу зарыл.
Көрсөтүлгөн маалыматтар толтурулгандан жана өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөр ("кара тизмеде" бар-жогу) текшерилгенден кийин, чет өлкөлүк жарандын сапары электрондук түрдө авторизациядан өтөт.
Документ менен тастыкталган шашылыш дарыланууга муктаждык, оор оорулуу болуу же жакын тууганынын каза болушу сыяктуу жагдайлар болгондо, мындай арыз пландаштырылган кирүү убактысынан кеч дегенде 4 саат мурун берилүүсү мүмкүн.
"RuID" тиркемесине катталуу чет элдик жарандын санариптик профилин түзүү үчүн да талап кылынат. Бул профиль аркылуу жарандар келечекте мамлекеттик жана башка кызматтарды электрондук түрдө ала алышат, анын ичинде СНИЛС, ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисин тариздөө жана орус SIM-картасын сатып алуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Маалымат үчүн: "RuID" тиркемеси "Госуслуги" платформасынын чет элдик жарандар үчүн түрү болот жана жакынкы арада жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү болот.