Эдил Байсалов япониялык делегацияны кабыл алды

Бүгүн, 25-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Tarutoko Research Institute Ltd япон компаниясынын башчысы Синдзи Тарутоко менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Тараптар кадрдык ресурстар, саламаттыкты сактоо, спорт жана балдар тамактануусу жаатында кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.

"Сизге балдар тамактануусу, саламаттыкты сактоо, адам ресурстарын өнүктүрүү жана спорт тармагындагы адистер кирген япониялык делегациянын түзүлүшүнө жеке көмөктөшкөнүңүз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Алардын катышуусу Кыргызстандын социалдык өнүгүүсү үчүн, айрыкча саламаттыкты сактоо, эмгек миграциясы, жаштар саясаты жана спорт тармактарында абдан маанилүү",- деп белгиледи Байсалов.

Эдил Байсалов ошондой эле Кыргызстандын жаш адистеринин Японияда стажировкадан өтүүсүн жана убактылуу ишке орношуу программаларын уюштуруу боюнча кызматташуу маселелерин козгоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан