Эртең, 26-июнда саат 09:00дөн 00:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ч. Айтматов проспектиси - Л.Толстой көчөсү - Жугуштуу оорулар ооруканасынын батыш тарабы - Кулатов көчөсүнүн түндүк тарабы - Игембердиев көчөсү, Кулатов көчөсүнүн түштүк тарабы - Панфилов көчөсү - Горький көчөсү - Минин көчөсү, ошондой эле Манас проспектиси - Бөкөнбаев көчөсү - Исанов көчөсү - темир жол менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.
Өчүрүү диаметри 400 милиметр болгон суу түтүгүн оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.
“Бишкек суу канал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.