АКШнын Түштүк Каролина штатындагы көлгө чагылган түшүп, 20 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, 20 адамдын ичинде 12 өспүрүм бар. Чагылган кечээ, 24-июнда бороон учурунда болгон.
«Түштүк Каролинадагы көлдө чагылган түшүп, 20 адам жабыркады. Өзгөчө кырдаал кызматынын маалыматына караганда, 8 адам жана 12 өспүрүм токко урунган», — деп айтылат маалыматта.
Округ бийлигинин билдиришинче, жабыркагандардын ичинен 12 адам жергиликтүү ооруканага жеткирилген, учурда алардын өмүрүнө коркунуч жок.