Садыр Жапаров иш сапары менен Минск шаарына барды. Ким тосуп алды? (видео)

Бүгүн, 26-июнда президент Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана IV Евразия экономикалык форумуна катышуу үчүн иш сапары менен Беларустун борбору Минск шаарына барды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өлкө башчысынын учагы Минск шаарынын улуттук аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Беларустун примьер-министринин орун басары Виктор Каранкевич жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуучу мамлекеттердин туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

26.06.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан