Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддер уланууда.
Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Ысык-Көл районунун аймагында мыйзамсыз балык уулоого жана тыюу салынган синтетикалык торлорду тазалоого багытталган рейддик иш-чараларды улантууда.
"Иш-чаралардын максаты - көлдүн экологиясын коргоо жана мыйзам бузууга жол бербөө. Рейддердин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган синтетикалык торлор алынып, жок кылынууда",- деп жазылат маалыматта.