Бишкекте 17-18-январь күндөрү жеңил атлетика боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын аймагынан 200дөн ашуун спортчу катышат. Ага 1997-жылы жана 1996-жылы төрөлгөндөрү тастыкталган спортчулар катышат.