Эртең, 27-июнда саат 10:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, өчүрүү аймагы 11-кичи район, Көк-Жар кичи району, Улан кичи району жана Кара-Дарыя көчөлөрү менен чектешет. Ичүүчү сууну берүүнүн токтотулушу оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
"Бишкексууканал" ишканасы шаар тургундарынан жана конокторунан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранат.