Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи Тегеран Израилди жеңгенин жарыялап, ирандыктарды куттуктады.
"Мен (ред. - иран элинин) Израил режимин жеңүүсү менен куттуктайм", - деп жазды ал X социалдык тармактагы баракчасына.
Буга чейин миңдеген ирандыктар Тегеранда Иран менен Израилдин ортосунда түзүлгөн тынчтык келишимин жеңиш катары майрамдашкан.
Эске салсак, Израил 13-июнга караган түнү Тегеран жашыруун аскердик өзөктүк программасын ишке ашырып жатат деп айыптап, Иранга каршы операция баштаган. Иранда жооп иретинде Израилге бир катар ракеталык соккуларды урду.
Эки өлкө 24-июнда ок атышпоо келишимине келишкен.