Bakai Bank Бишкектеги жылдын башкы космостук иш-чарасын — “Чексиздикке жол” форумун колдойт

2025-жылдын 28-июнунда Бишкек шаарында астрономияга, астрофизикага жана космостук келечекке арналган өзгөчө илимий-маалыматтык “Чексиздикке жол” форуму өтөт. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп, Кыргызстанда илим менен билимди өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан Bakai Bank тарабынан колдоого алынган.

Бул форум илимпоздорду, жаш изилдөөчүлөрдү, мектеп окуучуларын, студенттерди жана жылдыздарга умтулган бардык кыялкечтерди бир залга чогултат. Орусиядан келген алдыңкы эксперттер космостун сырлары жана жылдыздар аралык саякаттар тууралуу баяндашат:

  • Владимир Сурдин — белгилүү астроном, илимди жайылтуучу, МГУнун окутуучусу;

  • Алексей Семихатов — физик, илимий журналист жана алып баруучу;

  • Борис Штерн — астрофизик, жазуучу жана «Троицкий вариант» журналынын редактору.

Катышуучуларды кызыктуу жана мазмундуу программа күтөт: Жылдыздуу лекциялар, сынактар жана байгелер, жандуу музыка жана партнёрлордон белектер.

MAX билетинин ээлери үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр бар:
— Эксклюзивдүү суроо-жооп сессиясы
— Окумуштуулардан кол тамга алуу
— Жеке баарлашуу

Bakai Bank ар дайым бизнестеги, билимдеги горизонтторду кеңейткен идеяларды колдойт. “Чексиздикке жол” — бул шыктануу тартуулаган, кызыгуу ойготкон жана жылдыздарга жол салган иш-чара.

Качан: 2025-жылдын 28-июну

Кайда: Бишкек шаары, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония

Башталышы: 11:00

Бул окуяга кошулуңуз — анткени билимге жол чексиздикке жол ачат!
Bakai Bank чынында маанилүү нерселер үчүн.

Бонус: iticket.kg сайтынан билет сатып алууда BAKAI (латын тамгалары менен) промокодун колдонуп, 10 пайыз арзандатууга ээ болуңуз!
Убактыңызды кызыктуу жана пайдалуу өткөрүп калууга шашылыңыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан