Түндүк Корея “дүйнөлүк деңгээлдеги” курорттун курулушун аяктады

Түндүк Корея “Вонсан-Кальма” туристтик курортунун курулушун аяктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Бул долбоор — Ким Чен Ындын негизги артыкчылыктуу демилгелеринин бири. Пхеньян бул курортту “дүйнөлүк деңгээлдеги маданий курорт” катары тааныштырып жатканы айтылууда.

Курорт өлкөнүн чыгыш жээгинде, Вонсан шаарындагы Кальма жарым аралында жайгашкан. Салтанаттуу ачылыш аземи 24-июнда өттү. Курорт жергиликтүү туристтер үчүн 1-июлдан тарта ачылат, ал эми чет өлкөлүктөр бул курортко качан кире турганы азырынча айтылган жок.

Маалыматка ылайык, курорт узундугу 4 чакырым болгон пляж тилкесинде жайгашып, 20 миңге чейинки конокту кабыл ала алат. Анын курамына деңизде сүзүү үчүн шарттар, спорт жана көңүл ачуучу комплекстер кирет. Курортто мейманканалар, ресторандар, соода борборлору жана аквапарк бар экени да билдирилген. Бирок бул маалыматтар азырынча расмий түрдө тастыктала элек.

Аналитиктердин айтымында, Ким Чен Ын өз бийлигинин алгачкы жылдарынан тарта туристтик секторго чоң көңүл буруп келет. Вонсан шаары — Кимдин бала чагы өткөн жер жана аталган өлкөнүн элиталарынын жеке резиденциялары жайгашкан аймак. Ал бул шаарды миллиард долларлык туристтик борборго айлантуу максатын койгон. Бул долбоор 10 жыл мурун жарыяланган жана ошондон бери кыйла кеңейген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан