Бүгүн, 26-июнда Ax-4 космостук миссиясынын алкагында Индия, Венгрия жана Польшанын астронавттары алгачкы ирет Эл аралык космоктук станцияга конушту.
24-июнда, шейшемби күнү АКШнын Флорида штатындагы Канаверал космодромунан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен Crew Dragon капсуласы космоско учурулган. Анын ичинде төрт адам бар:
-
Индиялык аскер учкучу Шубханшу Шукла,
-
Венгриялык инженер Тибор Капу,
-
Польша өкүлү Славош Узнаньский-Вишневский,
-
NASA'нын мурдагы астронавты, АКШлык Пегги Уитсон.
Бул учур Индия, Венгрия жана Польша үчүн Эл аралык космостук станцияга алгачкы расмий катышуу болуп саналат.
Астронавттар отурган Crew Dragon капсуласы бүгүн аталган станцияга туташат. Аx-4 миссиясы болжол менен эки жумага созулат, бул аралыкта космонавттар бир нече илимий эксперименттерди өткөрүшөт. Маалым болгондой, бир каттамдын баасы болжол менен 70 миллион еврого бааланат.
Эл аралык космостук станцияда буга чейин жалпы 300гө жакын адам иштеп кеткен. Индия, Венгрия жана Польша расмий түрдө биринчи астронавттарын жөнөтүп жатышат.
Белгилей кетсек, Пегги Уитсон — аталган станцияга учкан алгачкы аял-командир жана космосто эң көп убакыт өткөргөн аял катары тарыхка кирген. Ал азыр 65 жашта.