Италиялык “Милан” футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Массимилиано Аллегри кызмат ордун бошотту. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты билдирет.
46 жаштагы адистин кетүүсүнө Италиянын чемпиондугунун 19-турунда “Сассуоло” командасына утулганы себеп болду (3:4). Учурда “Милан” Италиянын биринчилигинде 19-турдун жыйынтыгында 22 упай менен 11-орунду ээлеп келүүдө.
Эске салсак, Аллегри миландык клубду 2010-жылы машыктырып баштаган.